super.kg logo
  Спорт  

15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Японияда өткөн мелдеште 4-орунду ээлешти

 

Өлкөнүн 15 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн курама командасы Япониянын Осака шаарында өткөн “Sport for tomorrow” эл аралык мелдешинде 4-орунду камсыздады. Футболчуларыбыз 3-орун үчүн болгон оюнда япониялык команда менен кез келип, 0:7 эсебинде жеңилүүгө мажбур болушту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, финалда Иран командасы тажикстандыктар менен 0:0 эсебинде ойноп, андан соң пенальтилер сериясында 6:5 эсебинде утту.

Кошумчалай кетсек, 25-29-март аралыгында өткөн мелдешке кыргыз өлкөсүнүн, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Өзбекстан, Япония, Ооганстандын командалары жана “Токио”, “Kyoto sanga” клубдары катышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: