super.kg logo
  Саясат  

"Сойкуканаларга тиешеси бар" делинген Жогорку Кеңештин депутаттарына чара көрүү талап кылынды

 

"Сойкуканаларга тиешеси бар" делинген Жогорку Кеңештин бир нече депутатына чара көрүү талап кылынды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 30-мартта КСДПнын коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясынын төрагасы Ренат Самудинов таратты.

Жыныстык кызмат көрсөтүлгөн жайларга айрым депутаттар, депутаттардын туугандары, маданият ишмерлери жана айрым чиновниктердин тийиштиги бардыгы журналисттик иликтөөлөрдө айтылып келгенин жана ИИМде да маалымат бар экенин белгилеп өттү

"Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Ыргал Кадыралиева, Турсунбай Бакир уулу, Турсунтай Салимов, Ахматбек Келдибеков, экс-депутат Урмат Аманбаева, Ош шаарындагы Улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров бар. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер объективдүү тергөө амалдарын жүргүзүп, андан соң сот өз чечимин чыгарышы керек",- деп талап кылды активист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: