super.kg logo

Кубанычбек Кулматов:амлекеттик жана муниципалдык кызматтарды илимий көз караш менен өнүктүрүүгө муктажбыз"

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Орусия Федерациясынын Президентине караштуу Орусия эл-чарба жана мамлекеттик кызматтар академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институтунун директору Владимир Шамахов Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жолугушууда кызматташтык, шаардагы маданият жана билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Бишкек мэри маданий, экономикалык жана билим берүү тажрыйбаларын алмашуу маселелерин колдоорун билдирди. "Биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды илимий көз караш менен өнүктүрүүгө муктажбыз",- деди ал.

Владимир Шамахов илим-билим берүү жана маданий аймактарда кызматташтык көрсөтүүгө даяр экенин айтып: "Биз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортомчулугу аркылуу каалаган колдоону көрсөтүүгө даярбыз",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: