Сингапурда "улут атасы" аталган Ли Куан Ю менен коштошуу үчүн миллиондон ашуун адам келди


























Маркумдун уулу, Сингапурдун азыркы премьер-министри Ли Сянь Лун атасы мамлекеттин түптөлүшүндөгү коркунучтардан качпаган чыныгы баатыр экенин айтат. Ли Куан Ю 2011-жылы балдарына керээз айтып, көз жумгандан кийин сөөгүнүн күлүн аялынын күлү менен аралаштырып көмүүнү суранган. Өлкөдө 4 күн бою аза күтүү өтүп, Ли Куан Ю менен коштошуу үчүн миллиондон ашуун адам келгени белгилүү болду.
Ли Куан Ю 23-мартта 91 жашында каза тапты. Ал Сингапур көз карандысыздыкты алгандан кийин 31 жыл (1959-1990-жылдары) премьер-министр катары башкарган. Анын экономикалык саясаты Британиянын мурдагы колониясын гүлдөп-өнүгүүгө алып келген.
Сингапур коррупциясы жок, эффективдүү башкаруу, экономиканын эркиндиги, кызмат көрсөтүү, инфраструктура жана башка көптөгөн багыттар боюнча дүйнөдө алдынкы катарда турат.








1 |