super.kg logo

Мамлекеттик башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиевге кылмыш иши козголду

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын мурдагы ректоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын 25-февралында Коррупцияга каршы кызматына О.Д.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Мамлекеттик башкаруу академиясынын мурдагы ректору Ш.Ч.Б. кызмат абалынан пайдаланып, 450 миң сом акча каражатын мыйзамсыз алганын айткан.

Ошондой эле аталган окуу жайдын мурдагы ректору ижара акысын төлөө боюнча инструкцияны бузуу менен ай сайын ижарачылардан 60 миң сомдон алып турганы аныкталган. Мындан улам мамлекетке 300 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айта кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында өлкө башчынын жарлыгына ылайык, Чыңгыз Шамшиев Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматынан бошотулган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: