Аба ырайынын кескин өзгөрүшү гүлдөгөн өрүктөрдү жазгы кардын алдында калтырды (фото)























Март айынын соңку күндөрүндөгү кар шаардыктарга күтүүсүз аба ырайын тартуулады. Жаз майрамдарында күн жаркырап нурун төгүп турган болсо, март айынын акыркы күндөрүндө жамгыр аралаш кар жаады.
Аба ырайынын өзгөрүшү жаңы бүчүр ачкан дарактарды карга ороду. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, мал баккандарга кыйынчылык жаратары шексиз.
Тийиштүү мекемелер 30-марттан 2-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу билдирүү жасап, өлкөнүн тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталарын маалымдашты. Жолдор тайгак болгондуктан, унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Белгилей кетсек, 30-мартта таңкы саат 04:00дөн 07:00гө чейин абанын температурасы -14°... -15°C болуп, дээрлик 90 жылдагы рекорддук суук катталган. Буга чейин 1949-жылы дал ушул күнү абанын температурасы -4,9°C болгон.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Москвада да 2.3 кундон бери аябай катуу шамал,суук болуп аткан,кечеетен кар жаап бугун бир аз жылуу болуп калды.Кантседа Кудайымдын куну айла жок чыдайбыз баарына.