Коомдук ишмер: "Массалык маалымат каражаттары мени ууру, кылмышкер, коррупционер дешүүдө"



"Кээ бир кыргыз тилдүү массалык маалымат каражаттары мен тууралуу жалган маалыматтарды таратышууда". Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта маалымат жыйынында коомдук ишмер Расул Үмбөталиев билдирди. Ал ММКлар маалымат жазар алдында фактыларды тактап туруп беришсе деген оюн айтты.
“Биздин жашоо өзү күрөш экен, өмүр бою бирөөлөр менен кармашып келебиз. Бүгүн мен чындыкты чыгарайын деп келдим. Кээ бир кыргыз гезиттери мени коррупционер, ууру, башкача айтканда, кылмышкер деп жазып чыгышкан. Кубанычбек Киезбаев деген Жалал-Абад облусунун тургуну мага карата гезиттердин бирине жалган жалаа жазып кайрылыптыр. Мен айтып коёюн, бул адам өзү зордуктоо кылмышы боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. Бул адам жөн гана жалданма болгон. Учурда ар бир ММКнын аркасында чоң адамдар турушат, алар каалаганын жазып чыгарышат. Мен азыр жөнөкөй саясий серепчи эмесмин, саясий лидер катары таанылып калдым. Булар саясий оюндар. Мунун жыйынтыгында мага карата жалган маалыматтарды тараткан бир катар массалык маалымат каражаттарын сотко берем”,- деди Үмбөталиев.


