super.kg logo
  Саясат  

Чүй. Бейшеке айылында таза суунун жоктугу, Маданият үйүнүн кароосуз калганы айтылды

 

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айыл округундагы Бейшеке айылында сугат суу жетишсиз, айылдын Маданият үйү кароосуз калган. Бул тууралуу Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев жана өкмөт өкүлдөрү аталган айылдын жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтылганын парламенттин басма сөз кызматы 30-мартта билдирди.  

Бейшеке айылы тоо ичинде жайгашкан, климаттык шарты оор экендиги белгилүү. Ушул жылдын январь айында бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралган эле. 

Айылдын абалы абдан начар болуп кеткендиги жөнүндө чемпион Каныбек Осмоналиев, айыл өкмөтүнүн башчысы Калысбек Жунушов жана Кемин районунун акими Тынарбек Супатаев толук маалымат беришти. Айрыкча 200 түтүн элеттиктерде таза суунун жоктугу, жылгадан аккан сууну мал ичип булгагандан кийин элге жетери тууралуу сөз жүрдү. 

2003-жылы курула баштаган айыл мектебинин имаратынын үчтөн бири бүткөндө эле жергиликтүү аткаминерлердин айынан пайдаланууга берилип калган. Бала бакчанын имаратын эл өзү жакшылап жасаса да, Билим берүү министрлиги штат бербей, 2014-жылдын сентябрь айынан бери ачылбай турат.  







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: