super.kg logo
  Саясат  

Өрттөөчү курал катары каралган "Молотов коктейлине" тыюу салуу демилгеси талкууланууда

 
Бүгүн, 30-мартта парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында күйгүзүүчү, ок атуучу куралдар боюнча мыйзам долбоору каралды. Демилгечи ИИМдин башчысынын орун басары Рыскулбек Жапаркуловдун айтымында, бул долбоор менен өлкөдө айрым күйгүзүүчү куралдарга тыюу салуу демилгеленүүдө.
Депутат Исмаил Исаков мындай демилгени сынга алды. "Менин түшүнүгүм боюнча, силер адамды "Молотов коктейли" куралын колдонгондугу үчүн камакка алууну демилгелеп жатасыңар. Бирок фейерверк деле күйгүзүүчү заттар да. Демек, салют аттырган жаран камакка алынат. Бул туура эмес. Мыйзам долбоорун кайрадан оңдоп чыгыш керек",- деп кайрылды демилгечилерге Исаков.
Башка депутат Курмантай Абдиев демилгечилердин долбоору кыргыз жана орус тилинде айырма менен жазылгандыгы үчүн өкмөткө сын айтты. 
Жыйынтыгында парламент комитети мыйзам долбоорун кароону кийинки аптага жылдырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: