super.kg logo

Кыргыз жана Бангладеш элдеринин достугун бекемдөө максатында маданий иш-чараларды өткөрүү талкууланды

 

Бүгүн, 30-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Бангладеш Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Мосуд Маннанды кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда элчи кыргыз өлкөсүнүн жана Бангладештин элдеринин достугун бекемдөө максатында маданий иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында Бангладештин сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу маселеси талкууланды. 

Элчи поэзиянын күйөрманы экенин билдирүү менен кыргыз китептерин бенгаль тилине которууга, кыргыз элинин маданияты, адабияты, тарыхы менен Бангладеш өлкөсүнүн элин тереңден тааныштырууга кызыкдар экенин белгилеп өттү. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу үчүн китептер англис тилинде болушу керектигин билдирди. 

Министр өз кезегинде элчини, жалпы Бангладештин өнөрпоздорун кыргыз жеринде боло турган эл аралык “Мейкин Азия” жана “Арт Ордо” фестивалдарына чакырып өттү. А.Максүтов ири масштабдагы мындай маданий алакалар эки элдин башын бириктирип, кызматташуунун маанилүү негизи болуп каларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул мамлекет менен байланышты узуп коет элем ! Мен! Такыр жакыр мамлекет! Ушул мамлекет менен Пакистанды боюнча байланышты узуу керек! Булар зыяндан башка пайдасы жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: