Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Нарын облусуна жөнөп кетти
КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Нарын облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу 30-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, вице-премьер-министр аталган облустагы күч түзүмдөрүнүн иши менен таанышып, "Диний сабаттуулук жана дин таануу" аталышындагы симпозиумга катышат.
Ошондой эле облустагы ички иштер органдары менен укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрөт. Анда диний экстремизм, терроризм жана өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар талкууга алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

