super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Лейлек районунда аткезчилик жолу менен Тажикстанга күйүүчү май алып бара жаткан жаран кармалды

 
12-февраль күнү саат 01:30дар чамасында Лейлек районунун Жар-Кыштак айылынын тургуну 1983-жылы туулган Бабаев Бабуржан аткезчилик жолу менен Тажикстанга күйүүчү май алып бара жаткан учурда кармалды. Күйүүчү майдын баасы 375 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова маалымдады. Кылмышка шектүү жаран күйүүчү майды аталган өлкөнүн Согди облусуна алып бармакчы болгон. Бирок Баткен облустук ИИБинин Уюшкан кылмыштуулукка жана аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: