super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" телеканалына интервью берди

 
Бүгүн, 30-мартта президент Алмазбек Атамбаев Бельгияда өтүп жаткан расмий иш сапарында "Евроньюс" европалык маалыматтык телеканалына интервью берди. Күнү-түнү күрсөтүүчү аталган телеканал 14 тилде дүйнө окуяларын камтыган көрсөтүү даярдайт жана анын аудиториясы 300 миллион көрүүчүдөн ашуун. Телеканалдын берүүлөрү 150дөй өлкөдө көрсөтүлөт. 
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, мамлекет башчы маекте өлкөнүн жана анын тышкы саясатынын приоритеттери, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, Европа союзунун өлкөлөрүнө жана институттарына сапар, европалык өлкөлөр менен мамилелерди мындан ары активдештирүү, ошондой эле өлкөнүн евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу тууралуу айтып берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: