super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков: "ЛГБТ" жана "Чет жердик агенттер" деп аталган мыйзам долбоорлору боюнча Алмазбек Атамбаевдин позициясы европалык кесиптештерине жакты"

 
Бүгүн, 30-март күнү Брюссель шаарында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Бельгияда өтүп жаткан расмий иш сапары боюнча президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков брифинг берди. "ЛГБТ" жана "Чет жердик агенттер" деп аталган мыйзам долбоорлору боюнча президенттин позициясы жана жообу европалык кесиптештерин канааттандырды. Мындайча айтканда, жакты. Мамлекет башчы бул суроолорго мындайча жооп узатты: "Жогорку Кеңеш өзү билген мыйзам долбоорлорун көтөрүп чыгат жана талкууга алат. Эгерде ошол мыйзам долбоорлору парламентте кабыл алынып, мага кол коюуга чейин жетсе, анда эксперттерди чакырып, бир сыйра бул маселени изилдеп чыгабыз. Ошондон кийин гана бир чечимге келебиз. Ошондо гана так бир жооп бере алам". 
Ошол эле чет жердик агенттер тууралуу мыйзамдар АКШда, Европа өлкөлөрүндө деле бар. Болгону биз мындай мыйзам долбоорлорун кабыл алып жатканда эл аралык стандарттардан чыгып кетпешибиз керек",- деди Сапар Исаков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: