super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан. Алдын ала маалымат боюнча, шайлоодо Ислам Каримов 90,3 пайыз добуш топтоду (тизме)

 
Алдын ала маалыматтар боюнча, Өзбекстандагы президенттик шайлоодо 17 122 577 шайлоочу (жалпы шайлоочулардын 90,39 пайызы) Ислам Каримовго добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, шайлоого 18 миллион 942 миң жаран катышты. Бул көрсөткүч шайлоо тизмелерине кирген шайлоочулардын жалпы санынын 91,08 пайызын түзөт. Шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталган эмес.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары төмөнкүдөй болууда:
1) Ислам Каримов 17 122 577 добуш (90,39 пайыз);
2) Акмал Саидов 582 688 добуш (3,08);
3) Хотамжон Кетменов 552 309 добуш (2,92 пайыз);
4) Наримон Умаров 389 024 добуш (2,05 пайыз);
Айта кетсек, өлкөнүн "Улуттук шайлоо" мыйзамына ылайык, шайлоо жыйынтыктары тууралуу маалымат 10 күндүк мөөнөттүн ичинде, тактап айтканда, 8-апрелге чейин жарыяланмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: