super.kg logo
  Саясат  

Жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедралар жоюлушу мүмкүн

 

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов "өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы бардык аскердик кафедралар жоюлушу керек" деп билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 3 жогорку окуу жайында аскердик кафедра бар. "Аскердик билим берүү тармагында коррупциялык схемалар көп болот. Былтыр бир топ аскердик кафедра жабылган, бирок 3 кафедра кандайдыр бир себептерден улам калтырылган. Эгер 10 миң бала аскердик кафедраларда окугусу келсе, биз 2 миңин гана кабыл ала алабыз. Мындан улам бул тармакта коррупцияга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул маселенин ушул жылдын аягына чейин чечилиши күтүлүүдө",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: