super.kg logo

Министрлик: "Төө-Ашуудагы унаа тыгынына айдоочулардын дөңгөлөктөргө чынжырларды такпагандыгы да себеп болду"

 
29-30-март күндөрү Төө-Ашуу ашуусунда жааган кардан жана катуу бороондон улам унаа тыгыны орун алды. 30-мартта түнкү саат 03:00 чамасында жол кызматкерлери атайын техника менен унаа кыймылын жөнгө салышты. 
Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу дөңгөлөктөргө чынжыр такпагандыгынан унаа жолду тосуп калганын 30-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта башка унаалардын дөңгөлөктөрүндө да чынжырлар тагылбаганы айтылып, алар да жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратканы кошумчаланган. 
"Айдоочуларда бири-бирин сыйлоо деген жоктугунан алар жолдун каршы тилкесине чыгып жатышты. Унаалар 3 тилкеге тизилип, каршы кыймыл менен жүрүп жаткан унаалардын жолун тосуп салышты. Унаа тыгынын жоюу максатында "Сосновка" посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылган. Бирок айрым айдоочулар бул талапка баш ийбей өтө берип, унаа тыгынын узартышты",- деп билдирет мекеме.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.03.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өздөрү каалап жатабы???...
Макул тура беришсин!!!...
31.03.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жол эрежесин билбей, коопсуздугун сактабаган айдоочулар тыгын жаратат.
Билгендер башкасы эмне болсо болсун, мен олбойун дегендер жаратат тыгынды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: