super.kg logo

Акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Панфилов районунда турак үй толугу менен күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Панфилов районуна караштуу Ровное айылында фин тибинде курулган, жалпы аянты 100 чарчы метр үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Натыйжада жыгач устундуу, шифер жабылган 24 чарчы метр сарайдын чатыры, шкаф, унаанын дөңгөлөктөрү, 2 куб отун, 2 куб тактай жана 6 даана шифер күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: