super.kg logo
  Саясат  

Экспорттоочулар жана импорттоочулар Евразиялык экономикалык союздун алкагында жүк бажы декларациясынын ордуна эми арыз беришет

 

Экспорттоочулар жана импорттоочулар Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жүк бажы декларациясынын ордуна арыз толтуруп жана аны башка документтер менен бирге Салык кызматына беришет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына ылайык, көнүмүш болгон жүк бажы декларациясынын ордуна товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар толтурууга тийиш болгон негизги баштапкы документ болуп арыз саналат. Мындан сырткары импорттоочулар салык органдарына кыйыр салыктары боюнча отчётту, ошондой эле баштапкы эсеп-фактураларын, салыктардын төлөнгөндүгү тууралуу банктан көчүрмөнү, товардын келишинин убактысы жөнүндө маалыматтык билдирүүнү берүүгө милдеттүү болушат. 

“Арыздын формасы бажы декларациясында камтылган негизги параметрлерди жана маалым-даректерди сактайт. Арыз салык төлөөчү же анын өкүлү тарабынан салык органына салыктык катталуу орду боюнча кагазда жазылган жана электрондук түрүндө берилет”,- деп билдирет мекеме.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: