Башкы прокурор: "Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн жыйынтыгы 10-апрелден кийин чыгары күтүлүүдө"
Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн мөөнөтү 10-апрелге чейин деп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, 3-мартта облустук прокуратуранын токтому менен К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө амалдары жанданган. "Тергөө мөөнөтү 10-апрелге чейин деп бекитилген, тергөөнү улантуу үчүн материалдар Чүй облустук ИИБинин Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн. Бул иштин конкреттүү фактыларын тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн айта албайм",- деди башкы прокурор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















