super.kg logo

Бакыт Төрөбаев: "Өзүбүздөгү өндүрүштү өнүктүрүү зарыл"

 

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Ош шаарына болгон сапарынын алкагында калаадагы "Жим-Мей" кир жуугуч жабдыгын чыгаруучу мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып жатып "өзүбүздөгү өндүрүштү өнүктүрүү зарыл" деп билдирди.

Айта кетсек, мекеме партиянын “61” деп аталган экономикалык программасынын алкагында ачылып, бүгүнкү күндө 40тан ашуун жергиликтүү тургунду жумуш оруну менен камсыз кылып келет.

Ошондой эле “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы жана партиянын мүчөлөрү Ош шаарында эл менен жолугушту. Партиянын эл үчүн жасап жаткан иштерин буга чейин массалык маалымат каражаттарынан уккан шаардыктар бул жолу атайын даректүү тасмадан көрүп, маалымат алышты. Ордолуу Ош шаарындагы жолугушууга “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешиндеги Жогорку Кеңештин депутаттары, кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери, кыргыз сатира өнөрүнүн башында турган Күмөндөр Абылов дагы катышты.

Бул жолугушууда да элди тынчсыздандырган маселелер боюнча суроолор берилди. Айрыкча шаардын коммуналдык кызматы, пенсия, жөлөк пулдун, эмгек акылардын аздыгы, миграция маселелери элдин негизги көйгөйү катары айтылды.

Буга карата “Өнүгүү-Прогресс” партиясы кыргыз өлкөсү боюнча жумушчу орунду түзүү менен айыл чарба тармагын көтөрүү максатында 15 МТС ачканга жетишкен. Эми алдыда 10-11-класстын окуучуларын орто билим менен катар кесиптик билимге ээ кылып чыгаруу максаты коюлуп, аны ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди.


кошулду





Бакыт Төрөбаев: "Өзүбүздөгү өндүрүштү өнүктүрүү зарыл"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
31.03.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай жакшы кабар экен окуп кубандым чынында
31.03.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа жакшы кабар экен. Ушундай чакын ишканалар коп-коп курулуп, кыргыздар четке кетпей озубуздо иштесе кана.
01.04.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күмөндөр байке, саясатка аралашып авторитетиңизди жоготпоңуз. Шайлоого чоң аракет болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: