super.kg logo
  Саясат  

Президент: “Кыргыз Республикасы светтик, демократиялык өлкө кура алса, Борбор Азия менен Европанын ортосундагы көпүрөгө айланат”

 

“Кайсы бир идеяларды же баалуулуктарды куралдын жардамы менен таңуулоо мүмкүн эмес. Ооганстан, Ирак, Ливия, Сирияда миллиарддаган долларлар коротулду, бирок жыйынтыгында эмнени көрүп жатабыз? Баш аламандык жана кан төгүү. Алсак, Ооганстанда апийим талаалары бир канча эсеге жогорулады. Азыр да ошол эле талибандар менен тил табышууга туура келип жатат. 13 жылдык согушта канча деген адамдар өлтүрүлдү?.. Ушул жыйынтыкты күттүк беле? Жакшы нерсени жакшы үлгүнүн жардамы менен гана курууга болот. Адамдарга өнүгүү жолун көрсөтүү керек, апийим эгүүдөн башка жол менен акча табууга болорун үйрөтүү зарыл”,- деди мамлекет башчы.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, эгерде Кыргыз Республикасы светтик жана демократиялык өлкөнү ийгиликтүү кура алса, анда мамлекет Борбор Азия менен Европанын ортосунда көпүрө боло алат.

Мамлекет башчы мындай жоопту кечээ, 30-март күнү Бельгияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында эксперттик жана журналисттик коомчулуктун, ошондой эле Бельгия падышачылыгында кызмат өтөп жаткан дипломатиялык корпустун өкүлдөрү тарабынан берилген суроолорго узатты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: