Ош облусунун казысы диний билими бар мечит кызматкерлеринин жетишсиз экенин айтты




Ош облусундагы мечиттерде Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттери тажрыйба алмашуудан өткөрүлөт. Бул боюнча Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов теология факультетинин окутуучулары жана студенттерин кабыл алган жолугушууда айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.
Маалыматка караганда, теология факультетинин бүтүрүүчү курсунун 13 студенти: 6 бала имамдык, 6 бала азан айтуучу, 1 бала жума хутбасында маселе кылуучу милдеттерди тажрыйба жүзүндө көрүшү керек. Алар облус мечиттеринде имамдардын көзөмөл астында 1 жолку жума күндөрүндөгү намаздарда тажрыйбадан өтүшмөкчү.
Жогоруда аталган студенттер 5 жылдык окуу процессинде жетиштүү деңгээлде тиешелүү билимдерди алышты. Ал эми облус казысы диний билими бар мечит кызматкерлеринин жетишсиздигин эске алганда, жаш кадрларды колдоо мезгил талабы экенин белгиледи.





1 |