super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар парламенттик шайлоодо партиянын тизмеси кандай болушу керектигин талкуулашууда

 

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин отурумунда парламент депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Талкууда парламенттик шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө уруксат берүү же бербөө нормасы талаш жаратууда.

Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, партиянын тизмесинин алдынкы орундарын ээлебеген, бирок мыкты талапкер үчүн өзүнүн күчүн көрсөтүүгө шарт түзүп берүү керек. "Тизмени өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк түзүшүбүз зарыл. Бул демилге жаш саясатчыларга жакшы түрткү болот",- дейт Төрөбаев.

Депутат Чыныбай Турсунбеков буга каршы. "Парламентке келиш үчүн саясатчы көп жылдардан бери иштеши керек. Өзгөртүлбөс тизме партиянын биримдигине кепилдик берет. Эгер тизмени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берсек, гендердик тең салмактуулукту тебелишибиз мүмкүн",- дейт Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: