super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев "реалдуу айлык акыны көмүскөдөн чыгаруу зарыл" деди

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-мартта социалдык жана пенсиялык системди камсыздоону жакшыртуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында премьер-министр пенсиянын базалык бөлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланарын, Социалдык фонд пенсиялык төлөмдүн камсыздоо жана топтолмо бөлүгүн каржылай турганын белгиледи. 

Оторбаевдин пикиринде, бүгүнкү күндө камсыздоо төлөмүн чогултууну башкарууну жакшыртуу маселеси курч турат. "Камсыздоо төлөмүн башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорунун парламент тарабынан жайкы каникулга чейин кабыл алынышына болгон аракетти жумшоо керек. Камсыздоо төлөмдөрдүн чогултулушун башкаруу жаатында бизде резерв, башкача айтканда, камсыздоо төлөмүн төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү жана эмгек акыны көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарттарды түзүү мүмкүндүгү бар",- деди премьер-министр.

Жоомарт Оторбаев: "Өлкөдөгү реалдуу эмгек акыны көмүскөдөн чыгарып, Социалдык фонд тарабынан алынчу камсыздоо төлөм көлөмүн жогорулатуу зарыл",- деп кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: