Жогорку Кеңештин комитети парламенттик шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртпөө талабын калтырды

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети парламент депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатат. Жыйында комитет парламенттик шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртпөө талабын калтырды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Айта кетсек, буга чейин айрым депутаттар шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү сунушташкан. Башкача айтканда, шайлоодо мыкты иштеген талапкер тизменин артында турганына карабай партиясы жеңишке жетишкен учурда мандат алышы керектигин айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

