super.kg logo
  Саясат  

2014-жылы 3 депутат, 4 министр жана 100дөн ашуун чиновникке коррупция боюнча кылмыш иши козголгон

 

2014-жылы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында 3 депутат, 4 министр жана 100дөн ашуун чиновникке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы боюнча дагы 4 кылмыш иши тергелип жатат. "Жалпысынан былтыр коррупция фактысы боюнча 1250гө жакын кылмыш иши козголгон. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке 886,3 миллион сом көлөмүндө зыян келтирилген. Прокуратуранын иш-аракети менен 727 миллион сом кайтарылган",- деди башкы прокурор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: