super.kg logo
  Спорт  

Спорт агенттиги райондук бөлүмдөрүн кыскартып, облустук бөлүмдөрдү ачуу иштерин Ош облусунан баштады

 

Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги өлкөнүн 40 районунда иш алып барып келген бөлүмдөрүн жоюп, 7 облустук бөлүмдү ишке киргизүү иштерин баштады. Аталган агенттиктин массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев баштаган бир катар кызматкерлер 31-мартта Ош облусуна жөнөп кетишти.  

SUPER.KG порталына К.Арпачиев билдиргендей, алар облустагы райондук бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана эсепчилерди кызматтан алып, облустук бөлүмдү ачышмакчы. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин мындай чечимдин кабыл алынганын агенттиктин директору Кадырбек Эргешов жар салган. Ал райондук бөлүмдөр менен иштөө кыйынчылык туудуруп жатканын айтып, чечилбеген маселелердин көптүгүнөн улам ушул кадамга барышканын айткан.

Буга чейин ар бир райондо бирден бөлүм башчы, эсепчи жана башкы адис иштеп келген. Эми райондордо бирден инструктор калтырылат. Бул иштер өкмөттүн 10-марттагы токтомунун негизинде жүзөгө ашырылууда. Кызматтан алынгандарга мыйзам чегинде 3 айдын айлыгы төлөнөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.04.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolboi kalatko anda ansyzda kyrgyzsportu alsyz
01.04.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап дагы емне кылганы жатасынар
01.04.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул Канат Арпачиев, кечээги 100 000 доллар менен кармалган Кылычбек Арпачиевдин тууганы эмеспи???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: