Өкмөт кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча 29 мыйзам долбоорун жакында парламентке киргизет
Өкмөт кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык союзга кошулушуна байланыштуу 29 ратификациялык мыйзам долбоорун жакында парламентке киргизет. Муну парламенттин 1-апрелдеги жыйынында өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Төрага Асылбек Жээнбеков бул маселеде "жакында" деген түшүнүк болбошу керектигин белгилеп: "29 мыйзам долбоору ушул аптада парламентке киргизилиши керек. Ошондо гана жетишишибиз мүмкүн, муну эске алгыла",- деп билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Жыйында башка депутаттар да Бажы союзуна кошулуу боюнча мыйзам долбоорлорун тезирээк ратификациялоо зарыл экенин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

