Кыргыз жеринде аскер кызматкерлеринин ден соолугу милдеттүү түрдө камсыздандырылмакчы
Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында аскер кызматкерлеринин ден соолугун милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Демилгечилердин айтымында, аскер кызматчылары, окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүү жана аларга теңештирилген адамдар майып болуп, кызматтан бошогондон кийин бир жыл аралыгында курман болсо, анда аларга камсыздандыруу негизинде ордун толтуруу каражаты төлөнгөнү жатат. Ал эми аскер кызматкери курман болгонго чейин бир нече ирет камсыздандырылган болсо, анда ал үчүн бир жолу камсыздандыруу каражаты гана төлөнүп берилет.Талкууда депутаттар тарабынан каршы пикир айтылган жок. Аталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

