super.kg logo
  Саясат  

Таластын тургундары "Жоомарт Оторбаевдин лыжа тебүүгө убактысы бар, кыйналган элге келүүгө убактысы жок" деп нааразы

 
Табигый кырсыктардан жапа чеккен Талас облусунун тургундары премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин  облуска келбегенине нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде парламент жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.
"Талас облусунда акыркы айларда эки табигый кырсык болгон. Тургундар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам көрсөтүп бергенине ыраазычылык билдиришти. Бирок алар менен жолугушууга келбей, ал-абалы менен таанышпаган премьер-министрге нааразы. Жоомарт Оторбаев өзү келсе же орун басарларын жөнөтсө болмок. Тургундар "премьер-министрдин лыжа тебүүгө убактысы бар, бирок Талас эли менен жолугушууга убактысы жок" дешүүдө",- деди депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бул маселе премьер-министрге жеткирилерин белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: