super.kg logo
  Спорт  

Ооганстан менен оюн болбосо да, Эл аралык футбол федерациясы апрелдеги рейтингди жарыялоодо кыргыз өлкөсүнө упай бериши мүмкүн

 

Футбол боюнча улуттук курам 31-мартта Ооганстан курамасы менен ойнобой калды. Бул расмий жолдоштук беттештин орун албай калышына Ооганстан тараптын Ошко баруудан баш тартканы себеп болду. Бирок Эл аралык футбол федерациясы апрелдеги рейтингин жарыялоодо кыргыз футболчуларына 3:0 эсебиндеги жеңишти жазып, кыргыз өлкөсүнүн курамасына упай бериши мүмкүн. Мындай пикирди КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү кабарлашты.

Албетте, көптөгөн күйөрмандар Ооганстан менен оюн болбой калган соң окуянын андан ары өнүгүшүнө кызыгышууда. “Бул расмий жолдоштук беттеш болчу. Ооган тарап каршы болгонун жазып, федерация тараптан кабарланса, Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) муну эске алат. Анткени ооганстандыктар каршы болгонуна карабай, кыргыз футболчулары майданга чыгышты. Эреже боюнча, мындай учурда ФИФА баарын тыкыр иликтеп чыгат”,- деди федерациянын өкүлү. 

Кошумчалай кетсек, ФИФАнын рейтинги 9-апрелде чыгат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
01.04.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олимпиадалык курамыбыз жөнүндө кабарлап койсоңуз. Максат Кудайбердиев,
01.04.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot...kg, Олимпиадалык курама командабыздын оюндары алиге чейин чечиле элек.
01.04.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мумкун эмес бериш керек! Бул футболдун мыйзамы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: