super.kg logo

Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөр аныкталды

 

Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаменти менен Мамлекеттик “Инфоком” ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анын негизинде автоматташтырылган маалымат системин ишке киргизүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы аталган ишканага 8 миллион 81 миң сом которгон. Бирок маалымат системи толук иштелип бүткөн эмес. Ошондой эле жасалма жол аркылуу программисттерге эмгек акы катары 1,6 миллион сом негизсиз берилгени аныкталган. Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаментинин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.04.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция деген жанылыктар акыркы убакта тез тез чыга баштады. жакшы иштемиш боло баштаганбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: