super.kg logo

2-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу берилбейт

 

Эртең, 2-апрелде Бишкекте суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта таза суу берүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Бишкек суу-канал” башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Дэн Сяопин, Абаканская, Мурманская, Садыгалиев, Волков жана Кустанайская көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда таза суу болбойт. Ошондой эле ичүүчү суу токтой турган аймактарга №97632-аскер бөлүгү, “Нургаз” ишканасы, “Астык” ун комбинаты, дарыгер Бекбоевдин медициналык борбору, “Счастливая страна” бала бакчасы, балдарды коргоо борбору, №37-балдар бакчасы, №42-орто мектеби, "Васипов" жеке мекемесинин кичи нан бышыруучу ишканасы, “Бишкек жылуулук-энергия” коммуналдык мекемеси кирет.

“Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: