Жогорку Кеңеш аскер кызматкерлеринин ден соолугун милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алды
Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш аскер кызматкерлеринин ден соолугун милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзамды 3-окууда кабыл алды.
Документке ылайык, аскер кызматкерлери, окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүү жана аларга теңештирилген адамдар майып болуп, кызматтан бошогондон кийин бир жыл аралыгында курман болсо, анда аларга камсыздандыруу негизинде ордун толтуруу каражаты төлөнгөнү жатат. Ал эми аскер кызматкери курман болгонго чейин бир нече ирет камсыздандырылган болсо, анда ал үчүн бир жолу камсыздандыруу каражаты гана төлөнүп берилет.
Эми аталган мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

