super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин биринчи отуруму өттү

 

Бишкек шаарында 31-мартта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Кеңештин отуруму Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчактын төрагалыгы астында өтүп, ага Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин жана Тышкы экономикалык банкынын өкүлдөрү, кыргыз тараптан экономика министри Темир Сариев, каржы министри Ольга Лаврова катышты.

Каржы министрлигине таянсак, жыйында фондго тийиштүү жетектөөчү органдардын курамы жана иштөө принциптери бекитилди. "Эл аралык уюмдун негизги багыттарын аныктоочу жана жөнгө салуучу негизги ченемдик документтер жактырылды. Жыйынтыгында ченемдик база иштелип чыккандыгына жараша фонд кыргыз экономикасына каражаттарды этап-этабы менен берүү боюнча ишти баштай алары күтүлүүдө",- деп билдирет министрлик.

Айта кетсек, аталган фонддун уставдык капиталы 500 миллион доллар. Фонд кыргыз мамлекетинин экономикасынын приоритеттүү секторлорунда, анын ичинде агрардык өнөр жай комплексинде, кийим тигүү, текстиль жана иштетүү өнөр жайында өзүн өзү актаган долбоорлорду каржылайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: