super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекетине техникалык жардам көрсөтүү тууралуу кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга кол коюлду

 

Каржы министрлигинде 31-мартта Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун алкагында кыргыз мамлекетине 200 миллион АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга кол коюлду.  

Ага Орусия тараптан каржы министринин орун басары Сергей Сторчак, кыргыз тараптан каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков кол койду.  

Өз сөзүндө Сергей Сторчак техникалык жардамдын эсебинен чек аралар жакшыртыларын, лабораториялар куруларын, реконструкцияланарын жана модернизацияланарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында иштөө шарттарына көнүүсү жагынан алып караганда макулдашуу зор мааниге ээ.   

Өз кезегинде Мирланбек Байгончоков бул макулдашууга өткөн жылы эки мамлекеттин ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында кол коюлуп жаткандыгын жана макулдашуу кыргыз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана бүгүнкү күндө Евразия экономикалык биримдигинде багындырылган бийиктиктерге жетүүгө көмөктөшөрүн кошумчалады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: