Таласта Кара-Буурадагы элдик толкундоонун 15 жылдыгы жана Апрель окуясынын 5 жылдыгы белгиленет
Талас облусунун Кара-Буура районунда 5-6-апрель күндөрү "Кара-Буура-2000-жыл. Революциянын башаты" аттуу иш-чара өтөт. Ал аталган райондо 2000-жылы өткөн элдик толкундоонун 15 жылдыгына, Апрель революциясынын 5 жылдыгына арналат.
2000-жылы кыргыз жериндеги элдик толкундоолордун башаты катары эсептелген кыймылдын 15 жылдыгы жана "Апрель элдик революциясынын" 5 жылдыгына арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомчулуктун өкүлдөрү катышып, революция курмандыктарын эскеришет. Эскерүү иш-чарасы Кара-Буура районунан башталып, Талас шаарында уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

