Билим берүү министри Оштогу сапарында акча төлөп окууга өтүүгө болгон аракеттер катуу көзөмөлгө алынарын билдирди







31-март күнү КРнын Билим
берүү жана илим министри Эльвира Сариева бир күндүк иш сапары менен Ош шаарына
келип, анын алкагында Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Рудаки атындагы
№9-мектеп менен толук таанышып, мугалимдердин сабак өтүү процессине катышты. Шаардык
билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, окуучулар менен маектешүү учурунда
бүтүрүүчү класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча өзүнүн кеңештерин берип
өттү.
Ошондой эле быйылкы окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 баллдан кем алган абитуриенттер жогорку окуу жайына өтө албастыгын эскертип, катуу даярдыктарды көрүү тапшырмасын берди. Жылдагыдай коммерциялык жолдор менен окууга өтүүгө аракет кылгандар катуу көзөмөлгө алынарын кошумчалады.
Министр иш сапардын жүрүшүндө №23-мектеп-гимназиясында шаардагы мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен жолугушту. Анда мугалимдер билим берүү тармагында кездешип жаткан көйгөйлөр боюнча, тактап айтканда, окуу китептери айрым класстын окуучулары үчүн татаал түзүлүп калгандыгын айтышып, мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин тажрыйбалуу практик мугалимдердин катышуусу менен, алардын пикирин эске алып түзүүнү сунушташты.
Мугалимдердин, анда иштеген техкызматкерлердин айлыгынын аздыгы боюнча суроого министр Э.Сариева: “Мугалимдердин статусун көтөрүү аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Мамлекет тарабынан мугалимдерге көңүл бурулбай жаткандыктан ишин таштап кеткендер көп болууда жана өз иши менен алектенбей, кошумча акча каражатын табуу үчүн башка нерселерге алаксып кетүүдө. Биз өкмөттөн мугалимдердин айлыгын 50 пайызга жогорулатууну талап кылып жатабыз, тиешелүү мыйзам кабыл алынса, жаңы окуу жылынан баштап айлык акы жогорулайт”,- деди.







1 |