super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Ангела Меркель менен талкуулаган маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келдик"

 

"Германиянын канцлери Ангела Меркель менен кыргыз мамлекетин жана Германияны тынчсыздандырган маселелер боюнча ачык талкуу жүргүздүк. Бирдиктүү пикирге келгенибизге кубанычтамын",- деди бүгүн, 1-апрелде Германиянын жетекчилиги менен жолугушуу өткөргөн соң президент Алмазбек Атамбаев.

"Мен Германия жана Евробиримдик тарабынан көрсөтүлгөн колдоого ыраазымын. Жылуу мамиле үчүн рахмат айткым келет. Албетте, демократиялык мамлекетти куруп жаткан Кыргыз Республикасы үчүн бул жардам өтө маанилүү",- деди өлкө башчы.

Ангела Меркель өз кезегинде өлкөлөр ортосунда достук жана кызматташтык мамилелер бар экенин баса белгиледи. "Кыргыз тарап күн тартибине киргизген маселелер боюнча биз ачыкпыз. Мисалы, өнүгүүнүн демократиялык багыты. Бул жол оңой эмес. Бул багытта бейөкмөт уюмдардын салымы чоң",- деп билдирди канцлер.

Мындан тышкары А.Меркель А.Атамбаев менен Украина жана Молдовадагы кырдаал тууралуу пикир алмашкандыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: