Алмазбек Атамбаев Крым маселеси тууралуу: "Биз ар мамлекеттин бүтүндүгүн колдойбуз"

Бүгүн, 1-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери менен жолугушуу өткөргөн соң журналисттердин суроолоруна жооп берди. Крым маселеси тууралуу суроо берилгенде ал "биз ар мамлекеттин бүтүндүгүн колдойбуз" деп билдирди.
Анын айтымында, аталган маселе референдум аркылуу чечилген. "Эгер бир канча жылдан кийин референдум өткөрүлсө, жыйынтык ушундай эле болот. Тирешүүлөрдү чексиз кыла берсе болот, бирок биримдикке келүү туура. Тирешүүлөрдөн аттап, чоң Европаны куруу керек. Ошондо Крым маселеси эч кимдин тынчын албайт. Ал эми улам-улам тиреше берсек, Кудай сактасын, согушка алып келиши мүмкүн",- деди президент.
кошулду
Атамбаев менен Меркель: Бирдиктүү маалымат жыйын
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

