super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна 9 команда жолдомо алды, 23 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары али ойной элек

 

23-марттан 31-мартка чейинки аралыкта 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамалар арасындагы Азия биринчилигинин тандоо туру өттү. Тандап алуу турунда 10 тайпага бөлүнгөн курамдардан эң көп упай алган 9 команда мелдештин финалдык баскычына жолдомо алды.

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) расмий сайты кабарлагандай, мелдештин финалдык баскычына жолдомону Ирак, Сауд Арабия, БАЭ, Сирия, Австралия, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Япония жана Кытай курамалары камсыздашты. Ал эми кыргыз өлкөсүнүн 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы али ойной элек. Футболчуларыбыз “В” тайпасында Пакистан, Иордания, Кувейт жана Түркмөнстан курамалары менен кез келмек. Тилекке каршы, Азиянын футбол конфедерациясы бул тайпанын оюндарын жылдырган. Буга оюндар өтө турган Пакистандын Лахор шаарындагы жардыруулар себеп болгон. Айрым маалыматтар боюнча, бул тайпанын оюндары 24-апрелден тарта Кувейтте өтмөкчү.

Кыргыз футболчулары кийинки баскычка чыгуу үчүн тайпасынан 1-орунду камсыздашы керек. Ошондой эле мыкты жыйынтык менен тайпадан 2-орунду алган командалар да кийинки баскычка чыга алышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.04.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат. Жакшы жаңылык.
02.04.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!
02.04.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
командабызга ийгилик каалайбыз, бирок тилеке каршы бул тайпадан Иордания же Кувейт алат болушу керек.
02.04.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге Иордания?
Орустарды уткан Иордандыктарды ута алат. Куда каласа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: