Өкмөт дарыланууга муктаж болгон балдардын ата-энелерине 50 миң сомдон акчалай жардам берди
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева дарыланууга муктаж болгон балдар Төрөбек Сабыров жана Наргиза Асаналиеванын ата-энелери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Д.Ниязалиева ата-энелерге алардын балдарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн өкмөттүн резервдик фондунан 50 миң сомдон берди.
Вице-премьер-министрдин айтымында, акча каражат медициналык кийлигишүүгө жана реабилитациялоого муктаж болгон жарандарга берилди. "Наргиза менен Төрөбектин тез айыгарына үмүттөнөм. Алар өз ата-энелерин жана туугандарын ийгиликтери жана жетишкендиктери менен кубандырат деп ишенем",- деди Ниязалиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















