Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Белгилүү болгондой, борбор калаада саат 09:30дан 17:00гө чейин Осмонов, Кахов, Гагарин, Леваневский, Черноморский, Лущихин, Чүй, Тоголок Молдо, Киев, Логвиненко, Ахунбаев, Репин, Космический, Бах, Эркиндик бульварындагы №8, №10-көп кабаттуу үйлөрдө, Ынтымак, Арча-Бешик, Жеңиш, Тынчтык, Бакай-Ата жаңы конуштарында жарык өчөт.
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Койбагаров, Бектенов, Уссурийск, Предгорный көчөлөрүндө жарык үзгүлтүккө учураса, саат 09:00дөн 12:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы №1/2, 2/2, 4/2, 5/2, 6/2, 7/2, 8/2, 9/2, 14/2, 15/2 көп кабаттуу үйлөрдө жарык өчүрүлөт.
Ошондой эле саат 13:00дөн 17:00гө чейин Хивинский, Акылбеков, Воронежский, Армавирский, Кантемировский, Кишинёвский, Фрунзе, Достоевский көчөлөрүндө жарыкка чектөө киргизилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.