Мамлекеттик желектин авторлорунун бири Маматбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты

Эгемен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин авторлорунун бири, белгилүү архитектор жана сүрөтчү Маматбек Сыдыков 69 жаш курагында 31-мартта дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маматбек Сыдыков 1946-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында туулган. Ал 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Архитектура-курулуш факультетин бүтүрүп, архитектор адистигине ээ болгон. Эмгек жолун 1972-жылы "Кыргызгипрочарба" долбоорлоо институтунда архитектордук кызматтан баштаган. Ал эми 1976-жылдан тарта Кыргыз ССРнин Байланыш министрлигинин Архитектуралык лабораториясында архитектор-жасалгалоочу, "Кыргыз коммуналдык чарба" долбоорлоо институтунда архитекторлор тобунун башчысы катары ийгиликтүү эмгектенип келди.
Сыдыков ордо калаанын, өлкө аймагындагы "Манас күмбөзү" тарыхый-этнографиялык музейи, Тарых музейи, Кыргыз мамлекеттик университети, Орус драма театры сындуу бир катар ири имараттар менен маданий жайлардын курулушуна жана аларды архитектуралык жасалгалоо ишине жигердүү катышып, калктын көркөм табитинин калыптанышына өзүнүн бараандуу салымын кошкон.
Ал эми 1992-жылы Маматбек Сыдыков "легендарлуу парламент" тарабынан жарыяланган сынак жыйынтыгында беш жаран менен бирге көз карандысыз өлкөнүн башкы мамлекеттик символу – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин авторлорунун бири болуп калды. Ошондон бери өлкөдө Мамлекеттик желек күнү ар жылдын 3-мартында салтанаттуу белгиленип келет.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Маматбек Сыдыковдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.





1 |