super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар опера жана балет театрынын мурунку башчысын кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты

 

Бүгүн, 2-апрелде парламент жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чуу боюнча мекеменин мурунку жетекчисин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды.

Анын айтымында, өкмөт театрдын жетекчисин кызматтан алуу менен чектелбеши керек. "Эгер аталган мекеменин башчысы билип туруп театрдын сахнасында банкет өткөрүүгө уруксат берсе, анда ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган болот. Эгер банкет тууралуу билбеген болсо, анда жетекчинин шалаакылыгы. Эгер кызматтан алуу менен чектеле берсек, бейбаштык токтобойт",- дейт депутат.

Эскерте кетсек, быйыл 23-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында майрамдык банкет уюштурулган. Бул окуядан улам театрдын директору Тимур Саламатов кызматтан алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: