super.kg logo
  Саясат  

Чүйдөгү мамлекеттик кызматкерлер иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча 3 күндүк окуудан өтүштү

 
Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун жана Токмок шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен мамлекеттик тил адистери иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча 3 күндүк окуудан өтүштү. Бул тууралуу 2-апрелде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти. Окутуу аталган комиссиянын алдындагы тийиштүү борбор тарабынан иштелип чыккан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү заманбап окуу куралдары жана электрондук окуу каражаттарын колдонуу менен өткөнү айтылды. 

"3 күндүк окуунун жыйынтыгында бир топ маанилүү маалыматтарга ээ болгон катышуучулар уюштуруучуларга, окутуучуларга ыраазычылыгын билдиришти. Мындай семинар-тренингдерди көбөйтүү сунушун айтышты. Алган билимдерин баалоо үчүн тест жүргүзүлүп, 75 катышуучуга сертификат тапшырылды",- деп билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: