super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Оштогу аэропортто тартипти күчөтүү керектигин билдиришти

 

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Ош шаарындагы аэропортто тартипти күчөтүүнү сунуштады. 

Депутат авиакырсыктардын алдын алуу зарыл экенин айтат. "Жакында бул аэропортко конгон учак тилкеден чыгып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балдары келгенде, аларды аэропорттун кызматкерлери окуя болгон жерге бир нече убакытка чейин өткөрбөй коюшуптур",- деди депутат.

"Өнүккөн мамлекеттерде учактар эң коопсуз транспорт болуп саналат. Бирок абадагы кырсыктар көп болууда. Бизде андай кырсыктар болбошу керек",- деп кошумчалады Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: