super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу "Жогорку Кеңеште "балык" же "акула" депутат айымдар жок" дейт

 
"Жогорку Кеңеште "балык" же "акула" депутат айымдар жок" - деп билдирди бүгүн, 2-апрелде парламент жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулуДепутаттын айтымында, мындай нааразычылыкты билдирүүгө жакында аялдардын форумунда айтылган "Жогорку Кеңеште таптакыр сүйлөбөгөн "балык" депутат айымдар бар" деген сөз себеп болду. "Парламенттеги бардык эле депутат айымдар жакшы иштеп жатышат, мыйзамдарды демилгелөөдө... "Акула" депутаттар тууралуу да эч нерсе айта албайм, ооба, парламентте бир-эки активдүү депутат айым бар. Бирок аларды акулага салыштыра албайм. Алар тууралуу жалган сөздөрдү айтуу туура эмес. Мурункуларга салыштырмалуу азыркы парламентте айымдар көп, бул жакшы жетишкендик",- деди Бакир уулу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: