Мирлан Бакиров: "Дыйкандар сууктан чыгымга учурап жатышса, өкмөт өкүлдөрү сүйүнүп отурушат"
"Өлкөдө кар жаап, дыйкандар сууктан чыгымга учурап жатышса, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жетекчилиги "жеңилдетилген насыяларды берүүгө кошумча убакыт пайда болду" деп сүйүнүп отурат". Муну депутат Мирлан
Бакиров Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги жыйынында билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
"Дыйкандар менен фермерлердин көпчүлүгү ушул кезге чейин жеңилдетилген насыяларды алыша элек, алар күтүүсүз жааган кардан, капыстан түшкөн сууктан миллиондогон сомдук чыгым тартышууда. Ал эми министр кошумча бир апта убакыт пайда болгонуна сүйүнүп жатканын айтат. Өкмөт мүчөлөрү ушинтип отурушса, бизде кайдагы өнүгүү?"- дейт депутат.
Эскерте кетсек, жеңилдетилген насыяларды берүүнү кечиктирип жатканы үчүн өкмөт өткөн аптада парламенттен сын уккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

